Нетаньяху: "Газадагы согуштун үчүнчү этабы 6 айга созулат"

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарына караганда, Биньямин Нетаньяху министрлер менен жолугушуусунда Газа тилкесиндеги кол салуулар тууралуу маалымат берди.

2092611
Нетаньяху: "Газадагы согуштун үчүнчү этабы 6 айга созулат"

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "Газадагы согуштун үчүнчү этабынын болжол менен 6 айга созула турганын" айтты.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарына караганда, Биньямин Нетаньяху министрлер менен өткөргөн жыйында Газа тилкесиндеги кол салуулар тууралуу маалымат берди.

«Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндө башталган согуштун үчүнчү этабын бүтүрүүсү алты айга созулат»,-деген Нетаньяху: «Мурда айткандай, аба (чабуулдар) бөлүгү 3 жумага созулат дегенбиз, ошондой болду. Кургактыктагы маневрлерден турган экинчи бөлүгүнүн 3 айга созуларын айтканбыз, ошондой болду. Эми үчүнчү бөлүк, “көзөмөлдөө жана тазалоонун” 6 айга созуларын” айтып жатабыз»,-деди.

КАНдын кабарында, Израиль армиясынын «запастагы аскерлерди бошотуп аларды максаттуу түрдө согушка жаңылоо жана даярдоо үчүн бөлүктөрдү тартиптүү түрдө чыгарып кетүү менен Газадагы аскерлеринин санын азайтканы» белгиленди.

Кабарда «3- этаптын алкагында Газадагы кургактыктан кол салуулардын токтотулушу, аскерлердин азайтылышы, запастагы аскерлердин чыгарылышы жана максаттуу кол салуулардын баштала турганы» билдирилди.

Үчүнчү этапта Газа тилкесинде коопсуздук зонасын түзүүнүн каралып жатканы да айтылды.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда көбү балдар 25 миңден ашуун палестиналык каза тапты.



Тектеш кабарлар