Израилдин ок атышпоо сунушу, Хамас четке какты

Израилдин Хамастын колундагы бардык туткундарды  бошото турган болсо Газа тилкесиндеги кол салууларын  2 айга токтотуу сунушун  Хамас туруктуу ок атышпоо негзи менен четке какты.

2092046
Израилдин ок атышпоо сунушу, Хамас четке какты

Израилдин Хамастын колундагы бардык туткундарды  бошото турган болсо Газа тилкесиндеги кол салууларын  2 айга токтотуу сунушун  Хамас туруктуу ок атышпоо негизи менен четке какты.

АКШда маалыматтарды жарыялаган  "Axios" маалымат сайтынын израилдик жетекчилерге таянып берген кабарында Израилдин Хамаска жаңы бир "ок атышпоо" сунушун билдиргендиги белгиленди. 

Тель  -  Авив башкаруусунун Хамас колундагы туткундардын баарын бошото турган болсо Газага карата кол салууларын  2 айга токтотууну сунуш кылгандыгы баса билдирилди.

Израилдин Газада туруктуу ок атышпоону камтыган сунушту Катар жана Египеттин ортомчулугу менен  билдиргендиги белгиленген кабарда келишим түзүлө турган болсо  биринчи этапта аялдардын,  60 жаштан жогору болгон эркектер менен ден соолугу начар барымталардын бошотуларынын пландалары белгиленди. 

Кийинки этаптарда аял аскерлердин, аскер болбогон 60 жашка чейинки эркектердин, израилдик эркек аскерлер менен барымталардын сөөктөрүнүн тапшырылары айтылды. 

Кабарда Израиль менен Хамастын ар бир израилдик туткун үчүн канча палестиналык туткундун бошотулаарын алдын ала макулдашып, андан соң бул ысымдардын бир - бирден сүйлөшүлөрү белгиленди.

Израиль жетекчилеринин  билдирүүсүнө караганда, Газа тилкесинде 136 израилдик туткун бар.

Бир тараптан Хамастын медиа боюнча жооптуусу Велид Килани : "Каршы туруунун негизги шарты согуштун убактылуу эмес толугу менен кенен түрдө токтошу. Туткундарды алмаштыруу, аймактарга бөлүү жана жардамдардын кириши сыяктуу темалар мындан кийинки этапта сөз болот",- деди.

Килани Израилдин бул багытта бир сунуштун киргизилгендиги тууралуу басма сөздөн окугандыгын бирок азырынча Хамаска расмий түрдө эч бир сунуштун келбегендигин айтты. 

Израил тарабынан жасалганы айтылган сунуштун Хамас үчүн кабыл алынгыс экенин белгилеген Килани : "Каршылык көрсөтүү (Хамас) туруктуу ок атышпоону каалайт. Чектелген сунуштарды четке кагат. Хамастын негизги шарты согуштун убактылуу эмес, толугу менен токтошу. Андан кийин туткундарды алмаштыруу, кайра куруу жана жардамдардын кириши сыяктуу башка темалар  талкууланат. Андан соң туткундарды алмаштыруу сыяктуу кээ бир темаларды сүйлөшөбүз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар