АКШ Газада ок атышпоону каалабайт

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби күнүмдүк басма сөз жыйынында, Газадагы акыркы абал жана Израилдин кол салууларына баа берди.

2092038
АКШ Газада ок атышпоону каалабайт

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясы, Газа тилкесинде жалпы ок атышпоону эмес, тескерисинче туткундардын чыгарылышы жана аймакка жардамдардын жеткирилиши үчүн «гуманитардык тыныгууларды» колдой турганын билдирди.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби күнүмдүк басма сөз жыйынында, Газадагы акыркы абал жана Израилдин кол салууларына баа берди.

Журналисттердин, Израилдин Газада күчөгөн кол салууларына байланыштуу суроолоруна: «Бул маселе Израиль башкаруусунун аскердик планы»,-деп так жооп бербеген Жон Кирби, Америка башкаруучулугу катары Израилдин Хамасты жок кылуу планын колдогондорун, бирок палестиналык жарандардын да корголушу керектигин айтты.

«Туткундарды чыгаруу үчүн гуманитардык тыныгууларды колдойбуз, бирок жалпы ок атууну токтотууну колдобойбуз. Бул маселе боюнча саясатыбыз өзгөргөн жок» деген Кирби, Израилдин Хамаска каршы күрөшүп жатканын жана "өзүн коргоого укуктуу экенин" билдирди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда балдар жана аялдардан турган 25 миңден ашуун палестиналык каза тапты.



Тектеш кабарлар