Палестинага колдоо митингдери өткөрүлүүдө

Израилдин кол салуусу астындагы Газа менен тилектештикти билдирүү максатында Иорданиянын борбор шаары Амманда митинг өткөрүлдү.

2091091
Палестинага колдоо митингдери өткөрүлүүдө
urdun filistin odestek.jpg

Израилдин кол салуусу астындагы Газа менен тилектештикти билдирүү максатында Иорданиянын борбор шаары Амманда митинг өткөрүлдү.

"Геноциддик согушка  чечкиндүүлүк жана каршылык көрсөтүү» деген ураан менен АКШнын Амман элчилигине 3 километр алыстыктагы Ибадуррахман мечитинин алдында чогулган митингчилер Палестина жана Иорданиянын желектери менен Израилдин кол салууларын айыптаган жана токтотулушун талап кылган жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Ливандын борбору Бейрутта Түштүк Африка Элчилигинин имаратынын алдында чогулган бир группа да Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы козгогон «геноцид» доосун колдоо үчүн митинг өткөрдү.

Түштүк Африка менен Палестинанын желектерин алып жүргөн митингчилер Израилге каршы ураандарды жаадырышты.

Израилдин 7 - октябрдан бери Газага карата уланып жаткан кол салууларына Марокконун кээ бир шаарларында нааразычылык билдирилди.

Миңдеген киши "Палестиналыктардын депортацияланышына жол жок" деген ураан чакырып, батыш өлкөлөрүнүн Израилге колдоосун сындаган транспаранттарды алып жүрүштү.

Митингге чыккандар араб жана ислам өлкөлөрүн Палестина калкынын чечкиндүүлүгүнө колдоо көрсөтүүгө чакырышты. 

 



Тектеш кабарлар