Кытайдын тышкы иштер министри Ван Йи  Бразилияга барды

Борбор шаар  Бразилиядагы Итамараты сарайында жолугушкан Йи менен Виейранын «соода» жана «туризм» тармактарында келишимдерге кол коюшканы маалымдалды.

2091183
Кытайдын тышкы иштер министри Ван Йи  Бразилияга барды

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Йи  кесиптеши,тышкы иштер министри Мауро Виейра менен жолугушуу үчүн Бразилияга барды.

Борбор шаар  Бразилиядагы Итамараты сарайында жолугушкан Йи менен Виейранын «соода» жана «туризм» тармактарында келишимдерге кол коюшканы маалымдалды.

Жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуудан кийин басма сөзгө маалымат берген Виейра, эки өлкөнүн ортосундагы жаңы келишимдердин аркасында соода жана туризмдин да өнүгө турганын айтты.

Виейра кесиптеши Йи менен болгон жолугушуусунда Украинада уланып жаткан согуш, Газа тилкесиндеги кагылышуулар жана эки өлкөнүн бул маселелердин чечилишине кандай салым кошо ала турганы тууралуу сүйлөшүшкөндөрүн айтты.

Кытай - Бразилия карым - катнаштарын ар тараптуу карап чыгышкандарын белгилеген Виейра : «Бразилиянын тарыхый жактан Кытай принцибине болгон  чечкиндүүлүгүн бекем түрдө кайталадык. Эки өлкөнүн ортосунда башка эмнелер аткарыла алат, муну да кенен түрдө карап чыктык",- деди. 

Кытайдын тышкы иштер министри Йи да Бразилия менен «күчтүү» экономикалык байланыштары бар экенин жана бул сапарды муну дагы да бекемдөө үчүн жасагандарын белгиледи.

Бразилия басма сөзүнүн билдиргенине караганда Йи өлкөдөн кеткенден мурда мамлекет башчысы Луис Инасио Лула да Силва менен Форталеза авиабазасында жолугушат.

 

 



Тектеш кабарлар