Сирия кризиси, Астана сүйлөшүүлөрү

Сирия кризисинин кепили болгон Түркия, Россия  жана Иран 24 - 25 - январда Казакстандын борбор шаары Астанада жолугушат.

2090997
Сирия  кризиси, Астана сүйлөшүүлөрү

Сирия кризисинин кепили болгон Түркия, Россия  жана Иран 24 - 25 - январда Казакстандын борбор шаары Астанада жолугушат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Астана кепилдеринин биргелешкен кайрылуусу  боюнча Астана форматындагы Сирия боюнча 21 - сүйлөшүүлөрдүн  белгиленген даталарда Астанада өткөрүлө тургандыгы билдирилди.  

 

Билдирүүдө; кепил өлкөлөр Түркия, Россия жана Ирандын делегациялары менен Дамаск башкаруусу жана оппозициясынын сүйлөшүүлөргө катыша турганы белгиленди.

Билдирүүдө белгиленгендей, жыйындарга байкоочу катары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Иордания, Ирак жана Ливандан өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөрдө БУУ менен Иордания, Ирак жана Ливандан өкүлдөрдүн байкоочу катары катышуусунун күтүлүп жаткандыгы белгиленип : "Алдын ала күн тартибинде Сириянын тегерегиндеги аймактык кырдаалды өнүктүрүү, Сириядагы ар тараптуу чечүү жол  аракеттери, гуманитардык кырдаал жана Сирияны калыбына келтирүүгө көмөктөшүү үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин мобилизациялоо темалары бар",- деп айтылды. 

Сирия кризиси чечүүчү жол максатында түзүлгөн Астана сүйлөшүүлөрүнү кепилдери акыркы жолу  2023 -  жылы жайда чогулган. 

 



Тектеш кабарлар