Мексикада 726 мигрант адам аткезчилеринен куткарылды
Мигранттардын суу жана кычкылтексиз калганы, кээ бирлеринин дарыланып жатканы да ортого салынды.
2089245
Мексиканын Тлахсала штатында адам аткезчилери бир кампада кармаган 726 мигрант куткарылды.
Мексика басма сөзүндө чыккан кабарга караганда штатка караштуу сан Антонио Куаксомулко шаарындагы кампада күч менен кармалган мигранттарга полиция операция жүргүздү.
Араларында 75 бала болгон 726 мигрантты коопсуздук күчтөрү куткарды жана 4 адам аткезичиси камакка алынды.
Жарандардын коопсуздугу секретарлыгынан берилген маалыматта мигранттардын Гуатемала, Гондурас,
Сальвадор жана Никарагуанын жарандары экени айтылды.
Мигранттардын суу жана кычкылтексиз калганы, кээ бирлеринин дарыланып жатканы да ортого салынды.