Хуситтер АКШнын кемесин атты

Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук командирлиги (CENTCOM) билдирүү жарыялады.

2089063
Хуситтер АКШнын кемесин атты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук командирлиги (CENTCOM) Йемендеги хуситтер көзөмөлдөгөн аймактан атылган баллистикалык ракетанын АКШнын Gibraltar Eagle контейнердик кемесине тийгенин жарыялады.

Центкомдун билдирүүүсүндө: «Сана убактысы боюнча болжол менен саат 16:00дө Иран колдогон хусит согушкерлери Йеменде көзөмөлдөп турган аймактан антибаллистикалык ракета менен атты. Ракета Маршалл аралдарынын желеги илинген жана АКШ иштеткен «Гибралтар бүркүтү» аттуу контейнердик кемесине тийди»,-деп айтылды.

Кол салууда эч кимдин жараланбаганы, олуттуу зыян тартпаган кеменин сүзүүсүн улантканы белгиленди.



Тектеш кабарлар