Израильдин 7 - октябрдан бери кол салуусунда 24 миң 285 алестиналык каза болду

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 102 күндөн бери жүргүзгөн күчтүү кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2089355
Израильдин  7 -  октябрдан бери кол салуусунда  24 миң  285 алестиналык каза болду

Израилдин Газа тилкесине 7- октябрдан бери жасаган  кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 24 миң 285ке жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 102 күндөн бери жүргүзгөн күчтүү кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында акыркы 24 саатта дагы 185 палестиналыктын каза болгондугу, 320 кишинин жаралангандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта «15 кыргын» жасаганы белгиленип, 7  - октябрдан бери кол салууларда каза болгон палестиналыктардын саны 24 миң 285ке, жаралуулардын саны 61 миң 154кө жеткени белгиленди.

Жабыркагандардын айрымдарынын азыр да урандылардын астында же жол жээгинде экендиги,  аларга тез жардам жана жарандык коргонуу топторунун жете албаганы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар