Россия өзөктүк кол салуу боло турган болсо жооп кайтарыла тургандыгын билдирди

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Россиядагы ракета учуруу аянттарына кол салуу боло турган болсо Москванын буга өзөктүк жооп кайтара тургандыгын баса белгиледи.

2087747

Телеграм эсебинен маалымат берген Дмитрий Медведев батыштын Украинага Россиядагы ракета учуруу аянтын атуу сунушуна карышылык көрсөттү. Россиянын жерлериндеги ракета учуруу аянттарына батышта жасалган ракеталар менен жасала турган кол салуунун кабыл алынгыс экендигин баса белгилеген Медведев : "Бул эмнени билдирет? Мунун бир гана мааниси бар, өзөктүк куралдарды токтотуу  тармагындагы Россиянын мамлекеттик саясатынын негиздеринин  19 -  беренеси менен карама  - каршы келүү коркунучу бар",- деп мындай  ыктымалдуу кол салуунун өзөктүк курал колдонууга негиз  болорун эскертти. 

Бул беренеде конвенциялык курал колдонуу менен Россияны коркута турган агрессия болгон учурда Москванын өзөктүк курал колдоно алары белгиленгендигин эске салган Медведев : "Бул өзүн  -  өзү коргоо укугу эмес, бизге кол салган бир мамлекетке каршы өзөктүк курал колдонуубуздун түздөн түз жана так негизи",- деди. 

Тектеш кабарлар