Грециянын башкы штабынын төрагасы жана күч командирлери алмашты

Грецияда  төрт жылдык кызмат мөөнөтү толгон башкы штабдын төрагасы Константинос Флоростун ордуна атайын согуш департаментинин башчысы Димитрис Хупис дайындалды.

2088117
Грециянын башкы штабынын төрагасы жана күч командирлери алмашты

Грецияда  төрт жылдык кызмат мөөнөтү толгон башкы штабдын төрагасы Константинос Флоростун ордуна атайын согуш департаментинин башчысы Димитрис Хупис дайындалды.

Грециянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда кызмат мөөнөтү толгон башкы штабдын төрагасы, кургактык күчтөрүнүн командири, деңиз күчтөрүнүн командири жана аба күчтөрүнүн командиринин ордуна келе турган жакы ысымдарды белгилүү күн тартиби менен премьер  - министр Кирякос Мицотакистин жетекчилигинде Улуттук коопсуздук өкмөтүнүн кеңеши чогулду. 

Кеңеште чыгарылган чечим менен башкы штабдын трагалыгына Димитрис Хупис, кургактык күчтөрүнүн командирлигине Йоргос Костидис, деңиз күчтөрү командирлигине Димитриос Евангелос Катарас жана аба күчтөрүнүн командирлигине Димостенис Григориадис дайындалды.

Чечимден кийин сөз сүйлөгөн Мицотакис Флоростун улуттук жана эл аралык оор геосаясий мезгилде башкы штабдын төрагасы кызматына келгендигин белгилеп,  табигый кырсыктар жана өзгөчө муктаждыктар учурунда да өлкөгө кызмат кылганын айтты.

1965-жылы туулган Хупис, 2022-жылы да Эгей аралдарын коргоо максатында түзүлгөн Ички иштер жана Аралдар Жогорку Аскердик Командирлигинин  (ASDEN) командири болуп кызмат кылган.

 



Тектеш кабарлар