Израилде ооруканаларга өзгөчө кырдаал көрсөтмөсү берилди

Ливанда Хизбуллах менен барган сайын күч алган чыңалуудан улам Израилде ооруканаларга "миңдеген жаралууну дарылоого даярдануу" көрсөтмөсү берилди.

2086685
Израилде ооруканаларга өзгөчө кырдаал көрсөтмөсү берилди

Ливанда Хизбуллах менен барган сайын күч алган чыңалуудан улам Израилде ооруканаларга "миңдеген жаралууну дарылоого даярдануу" көрсөтмөсү берилди. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы күндөрү өлкөнүн түндүгүндө чыңалунун күчөшү менен ооруканаларды миңдеген жарадарларды кабыл алууга даярдоону эскертти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Моше Бар Симан Тов да бардык ооруканалардан талап кылына турган болсо  24 сааттын ичинде өзгөчө кырдаалга даяр болуулары керектигин айтты. 

 Ушул боюнча ооруканалар  зарыл болгон учурларда баш калкалоочу жайларга көчүрүлүп, абалы жакшы бейтаптар чыгарылып, көп сандаган жаралууларды кабыл алууга даярдалат. Ар кайсы өлкөлөрдөгү "ыктыярдуу түрдө Израилге жардам берүүнү каалаганын билдирген  7 миң еврей дарыгердин" Израилге келиши суранылат.

Израилдин 2 -  январда Ливандын борбор шаары Бейрутта Хамастын саясий бюроснун төрага орун басары Салих  ел  -  Арурини, 8 -  январда Хизбуллахтын  жогорку мартабалуу командирлеринен Висам Хасан Тавилди өлтүрүшү боюнча Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосундагы кагылышуулар күч алды. 

 



Тектеш кабарлар