АКШда ыңгайсыз аба шарттарынан улам эскертүү берилди

Бороонду болжолдоо борборунун билдирүүсүндө болжол менен 9 миллион киши жашаган Флорида, Жоржия, Түндүк жана Түштүк Каролинанын түштүк - чыгыш штаттарында 12 бороондун болгондугу жана  олуттуу зыянга себеп болгондугу маалымдалды.

2086751
АКШда ыңгайсыз аба шарттарынан улам эскертүү берилди

АКШнын чыгышында болгон бороон күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизип, калык кардын жаашы жана суу ташкындарына каршы эскертүү берилди. 

Бороонду болжолдоо борборунун билдирүүсүндө болжол менен 9 миллион киши жашаган Флорида, Жоржия, Түндүк жана Түштүк Каролинанын түштүк - чыгыш штаттарында 12 бороондун болгондугу жана  олуттуу зыянга себеп болгондугу маалымдалды. 

Билдирүүдө чыгыш жээктеринде жамгырдын жаашы күтүлүп жатканы, Атланта, Вашингтон жана Нью - Йорк сыяктуу калк жыш жайгашкан шаарларда суу ташкындарынын болушу мүмкүн экендиги эскертилди.

Катуу шамалдан улам АКШда болжол менен 400 миң үй жана жумуш орундары электр жарыгысыз калды.

Өлкөдөгү ыңгайсыз аба ырайынан улам 966 учак каттамы токтотулуп, 5 миң 580 каттам кечигүү менен аткарылды. 

Бороон көп болгон Флоридада губернатор Рон ДеСатнис штаттын 67 округунун 49унда "катуу шамал, мөндүр жана капыстан сел коркунучу" ыктымалдыгына каршы өзгөчө кырдаал жарыялады

Жалпы өлкөдө ыңгайсыз аба шарттарынан 40 миллионго жакын адамдын таасирлениши мүмкүн экендиги белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар