Сергей Шойгу Россия  -  Украина согушу тууралуу маалымат берди

Шойгу : "Өткөн жылы душмандын жоготуулары 215 миң кишиден жана 28 миң куралдан ашты. Бардык фронт боюнча   стратегиялык жактан демилгени сактоодобуз",- деди.

2086497
Сергей Шойгу Россия  -  Украина согушу тууралуу маалымат берди

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу  аскердик жетекчилер менен  өткөргөн жыйында Россия  -  Украина согушу тууралуу маалымат берди. 

Орус аскердик бөлүктөрүнүн Украина армиясынын согшутук потенциалын азайткандыгын айткан Шойгу : "Өткөн жылы душмандын жоготуулары 215 миң кишиден жана 28 миң куралдан ашты. Бардык фронт боюнча   стратегиялык жактан демилгени сактоодобуз",- деди. 

Шойгу АКШнын Украинага карата саясатына баа берип : "АКШ украиналык түзүмдөрдүн адамдык ресурстары түгөнүп, согуш талаасында жыйынтыкка жетише албай жатканына карабай, украиналыктардын өмүрүнүн эсебинен дүйнөдө лидер болуу максатына жетүүгө аракет кылууда. Киев башкаруусу батыштык мамлекеттер тарабынан багытталып,  аскерлерин   өлүмгө мажбурлоодо жана армиянын катарын толуктоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатат. Албетте, бул байланыш линиясындагы абалды өзгөртпөйт, согуштук аракеттерди гана узартат. Биз атайын аскердик операциянын максаттарына жетишүүнү улантабыз», - деди.

Россиянын  ядролук үчилтигинин согушка даярдыгын эң жогорку деңгээлде кармоо жагынан маанисин баса белгилеген Шойгу, орус армиясы менен флотун заманбап куралдар менен жабдууну уланта тургандарын айтты.

Шойгу Украинада согушуп жаткан аскерлерге курал - жарак ташууну жана учкучсуз учуучу аппараттарды массалык түрдө чыгарууну уланта тургандарын билдирди.

 



Тектеш кабарлар