Песков орус жерлерине жасалган кол салуулар тууралуу маалымат берди

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков жерлерине карата жасалган кол салуулардын батыштык өлкөлөрдө өндүрүлгөн  артиллериялык снаряд жана  ракеталар менен жасалгандыгын айтты.

2086477

Песков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө Украина армиясынын Белгород шаарына жасаган кол салуулар тууралуу : "Бул Киев башкаруусунун аскердик элементтерди эмес жарандык буталарга сокку уруудан жана шаардын борборуна чабуул жасоо менен кассеталык бомбаларды колдонуудан тартынбагандыктан мүмкүн болду. Шаардын борборунда эч кандай аскердик элементтер жок. Албетте армиябыз бул коркунучту оболу азайтуу андан кийин толугу менен жок кылуу үчүн колунан келгенди аткарууну улантат. Бул үчүн атайын аскердик операция улантылууда",- деди. 

Песков орус жерлерине жасалган кол салуулардын батыштык өлкөлөрдө  өндүрүлгөн куралдар менен жасалгандыгын белгилеп : "Жерибизге,  жарандык элементтерге, жаңы жылдан мурда Белгород шаарынын борборуна карата кол салуулар, Германия, Франция, Италия, АКШ жана баша өлкөлөрдө өндүрүлгөн артиллериялык снарияд жана ракеталар менен жасалууда. Муну унутпашыбыз керек",- деди. 

Тектеш кабарлар