Энтони Блинкен Израилде...

Блинкен борбор шаар Тель-Авивде Израилдин президенти Ицхак Герцог менен жолугушту.

2086411
Энтони Блинкен Израилде...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилде жолугушууларын баштады.

Блинкен борбор шаар Тель-Авивде Израилдин президенти Ицхак Герцог менен жолугушту.

Герцог жолугушуунун башындагы билдирүүсүндө, АКШ өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ырахмат айтты.

Ошондой эле 11-январда баштала турган Түштүк Африканын Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотунда (ICJ) койгон геноцид доосуна катыша тургандарын билдирди.

Блинкен болсо сөз сүйлөөсүндө: «Аймактагы берки өлкөлөрдөн (Түркия, Греция, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия) жаңы келдим жана ал өлкөлөрдүн лидерлеринен уккандарымдын айрымдарын президент Герцог менен бөлүшкүм келет. Бүгүн кечинде премьер-министр (Бинямин Нетаньяху) жана министрлер кабинети менен да жолугушам. Ошондой эле, албетте барымтага алынгандардын айрымдарынын үй-бүлөлөрү менен отуруп, аларды үй-бүлөлөрүнө кайтаруу боюнча тынымсыз аракеттерибизди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз жана өзгөчө келечекке карата жол картасы темасында сүйлөшө турчу көп нерсе бар»,-деди.

Андан кийин Блинкен менен Герцогдун жолугушуусу башталды.

Жолугушууда Блинкен Газадагы согушта карапайым элге келтирилген зыянды азайтуу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы, өлкөсүнүн Газадагы жарандарга гуманитардык жардам берүүнү улантуу чакырыгын кайталады.

Жолугушууда Газадагы барымтадагыларды бошотуу боюнча жүрүп жаткан аракеттер да талкууланды.

Андан соң Блинкен израилдик кесиптеши Исраэль Катц жана премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолугушту.

Блинкендин программасында Израилдин согуш кабинети менен жыйын да бар.

Америкалык министрдин эртең болсо Рамаллада Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен жолугары күтүлүүдө.

Блинкендин жолугушуудан кийин Египеттин борбор шаары Каирге баруусу пландалууда.



Тектеш кабарлар