ТЕСЛА Кытайда сатылган айрым унааларын кайра чакырды
Компания жол кырсыгына алып келиши мүмкүн болгон маселени чечүү үчүн импорттолгон "Model X", "Model S", "Model 3" жана "Model Y" электрдүү 1,6 миллион унааны кайтарып алды.
Американын электр унаа өндүрүүчүсү ТЕСЛА Кытайда сатылган 1,6 миллион электр унаасын автоматтык башкаруу функциясына байланыштуу маселеден улам кайтарып алды.
Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, автоматтык башкаруу функциясы иштетилгенде, айдоочулардын кол менен айдоо менен бирге колдонулушунун рулду башкарууда каталарды жаратып жатканы айтылды.
Компания жол кырсыгына алып келиши мүмкүн болгон маселени чечүү үчүн импорттолгон "Model X", "Model S", "Model 3" жана "Model Y" электрдүү 1,6 миллион унааны кайтарып алды.
ТЕСЛАНЫН Пекин жана Шанхайдагы борборлорунан программалык камсыздоодогу жаңыртуулар аркылуу алыстан оңдоолордун жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.
Бир тараптан 2022 - жылы 26 - октябрь жана 2023 - 16 - октябрдын арасында чыгарылган 7 миң 538 "Model S" жана "Model X" электрлүү унаа да кагылышуу учурунда эшиктин автоматтык кулпуларынын ачылуу катачылыгынан улам кайра чакыртылды.
Бул жаңылыштык да алыстан программалык жаңылоо менен ойдолот.
Тектеш кабарлар
АКШ: "Газада болуп жаткандар геноцид эмес"
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Иракта ДЕАШ кол салды
Иракта террордук уюм ДЕАШ жасаган кол салууларда бирөөсү полковник болгон беш аскер каза болду.