Газа тилкесинде каза болгондордун саны 22 миң 722ге жетти

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Израилдин Газа тилкесине 92 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2085118
Газа тилкесинде каза болгондордун саны   22 миң 722ге жетти

Израилдин блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан бери кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 22 миң 722ге жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Израилдин Газа тилкесине 92 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында акыркы 24 саатта 122 палестиналыктын каза болгондугу, 256 кишинин жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта «12 кыргын» жасаганы белгиленип, 7 - октябрдан бери кол салууларда каза болгон палестиналыктардын саны 22 миң 722ге, жаралуулардын саны 58 миң 166га жеткени маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар