Сомалиланд Түркияга ыраазычылык билдирди

Сомалилик жогорку мартабалуу жетекчилер Эфиопия -  Сомалиланд келишиминен кийин Түркиянын  Сомалинин жеринин бүтүндүгүнө басым жасаган билдирүүсүн ыраазычылык менен кабыл алды.

2084757
Сомалиланд Түркияга ыраазычылык билдирди

Сомалилик жогорку мартабалуу жетекчилер Эфиопия -  Сомалиланд келишиминен кийин Түркиянын  Сомалинин жеринин бүтүндүгүнө басым жасаган билдирүүсүн ыраазычылык менен кабыл алды.

Сомали өкмөтүнүн катчысы Фарах Жимал тышкы иштер министрлигинин катчысы Өнжү Кечелинин билдирүүсүнөн кийин Түркияга Сомали өкмөтүнө карата колдоосунан улам ыраазычылык билдиришкендерин белгиледи. Х социалдык платформасынан маалымат берген Жимал : «Эл аралык мыйзамдын негизинде Сомали Федералдык Республикасынын жеринин бүтүндүгү, эгемендиги жана биримдигине болгон колдооңуздарга жогору баа беребиз»,- деди.

Сомалинин ички иштер министри Ахмед Муалим Фики өлкөлөрүнүн эгемендиги жана жеринин бүтүндүгү Эфиопия тарабынан бузулган бир мезгилде Түркиядан келген колдоону ыраазчылык менен кабыл алгандарын айтты.

Сомали информация министри Дауд Авейс : «Аддис Абабанын мыйзамсыз түрдө Сомалиланд аймагы менен келишимге кол коюшунан кийин Анкара күчтүү түрдө Сомалинин жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө чакыруу салды»,- деди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Өнжү Кечели Х платформасынан берген билдирүүсүндө : «Эфиопия жана Сомалиланддын ортосунда Сомали өкмөтүнүн  маалыматы жана ыраазычылыгынын тышында  2024 -  жылы  1 -  январда Аддис Абабада кол коюлган Өнөктүштүк жана Кызматташтык келишими тууралуу тынчсыздануудабыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар