Нигерия армиясынын операциясы

Нигерия акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарында куралчан бандалардын, ошондой эле террордук уюмдар Боко Харам менен ДЕАШтын Батыш Африкадагы бутагы ISWAPтын кол салууларына дуушар болууда.

2084599
Нигерия армиясынын операциясы

Нигерия армиясы, Кацина жана Замфара облустарында жүргүзгөн операцияларында 10 террористти таасирсиз абалга келтирди.

Өлкөнүн түндүк аймагында жүргүзүлгөн «Хадарин Дажи операциясынын» басма сөз катчысы Ибрахим Яхая, армиянын Кацина жана Замфара облустарында террористтерге каршы операция жүргүзгөнүн билдирди.

Операцияларда 10 террористтин жок кылынганын белгилеген Яхая, көп сандаган террористтин жаралуу качып кеткенин маалымдады.

Яхая операцияларда 4 бала жана 5 аялдын куткарылганын айтты.

Нигерия акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарында куралчан бандалардын, ошондой эле террордук уюмдар Боко Харам менен ДЕАШтын Батыш Африкадагы бутагы ISWAPтын кол салууларына дуушар болууда.


Этикеткалар: #Нигерия армиясы

Тектеш кабарлар