Нигерияда Боко Харам кол салуулары

Нигериянын түндүк  - чыгышындагы Борно штатында Боко Харак террордук уюму жасаган кол салууларда  12 киши каза болду.

2083458
Нигерияда Боко Харам кол салуулары

Нигериянын түндүк  - чыгышындагы Борно штатында Боко Харак террордук уюму жасаган кол салууларда  12 киши каза болду. 

Борно полициясынын коомчулук менен байланыштар кызматкери Нахум Дасо Кеннет штаттын Чибок аймагындагы Гатамарва жана Циха шаарларында Боко Харам мүчөлөрүнүн ок аткандыгын билдирди.

Кеннет кол салуулардан кийин 12 кишинин сөөгүнүн аныкталгандыгын жана 1 кишинин барымтага алынганын белгиледи.

Террористтердин кол салууларда элден тамак-аш азыктарын уурдаганын белгилеген Кеннет көптөгөн үйлөрдү да  өрттөгөндөрүн  айтты.

Кеннет коопсуздук күчтөрүнүн аймакка жиберилгенин жана окуя боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди.

Нигерияда 2000 - жылдардын башынан бери чыккан Боко Харамдын  2009 - жылдан бери уланып келе жаткан массалык зомбулук акцияларында 20 миңден ашуун адам каза болду.

Уюм 2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да  кол салууларды ишке ашырууда. 

 

 



Тектеш кабарлар