Сирияда АКШ базасына кол салуу болду

Кол салууда каза болгондордун бар же жок экендиги белгисиз. Окуяга байланыштуу АКШ тарабынан азырынча маалымат бериле элек.

2082947
Сирияда АКШ базасына кол салуу болду

Сириянын түндүк - чыгышындагы Хасеке  провинциясында АКШ  күчтөрү жайгашкан Шаддади базасына теги белгисиз учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу болду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Хасекенин түштүгүндөгү АКШ аскерлери жайгашкан Шаддади базасында теги белгисиз учуучу аппараттар менен  кол салуу болду. 

Кол салууда каза болгондордун бар же жок экендиги белгисиз. Окуяга байланыштуу АКШ тарабынан азырынча маалымат бериле элек. 

Сирияда акыркы мезгилде Тенеф аймагы, Ирактын чек арасына жакын Маликиййе району, Хасеке облусуна караштуу Шаддади району жана  Дейрузор облусундагы АКШ армиясы жайгашкан базаларга теги бегисиз учкучсуз учуучу аппарат жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар, кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен кол салуулар болууда. 

 



Тектеш кабарлар