Японияда учак өрттөндү
Жээк коопсуздук учагына урунган жүргүнчү учагында өрттүн чыккандыгы билдирилди.
2083138
Япониянын борбо шаары Токиодогу Ханеда аэропортунун учуу тилкесиндеги бир учакта чыккан өрттө 5 киши каза болду.
Жээк коопсуздук учагына урунган жүргүнчү учагында өрт чыкты.
Өрттөнгөн учактагы 367 жүргүнчү жана 12 экипаж эвакуациялангандыгы маалымдалды.
Жүргүнчү учагы менен кагылышкан Япония жээк коопсуздук күчтөрүнө тандык учактагы 6 кызматкреден бешөөсүнүн каза болгондугу билдирилди. Кырсыктан кутулган учкучтун саламаттыгынын оор экендиги белгиленди.
Ханеда аэропорту өрттөн улам жабылып, учактар башка аэропортторго багытталууда.
Тектеш кабарлар
Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрү Грузияга карата визасыз режимди жоюну каалап жатат
Европа Биримдиги Грузия жарандары үчүн виза мажбурдуулугун 2017 - жылы жойгон.