АКШ Израилге курал боюнча жардам берилет
АКШнын Мамлекеттик департаменти бул чечимге байланыштуу билдирүү жасады.
2082397
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден башкаруусундагы өкмөт «чукул абал» деген негиз менен Конгресстин мүчөлөрүнүн макулдугусуз экинчи жолу Израилге курал сатууга чечим чыгарды.
АКШнын Мамлекеттик департаменти бул чечимге байланыштуу билдирүү жасады.
Израилге 147 миллион долларлык танк жана гаубицанын октору сатыла турганы баса белгиленди.
Мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин аскердик материалдардын "улуттук коопсуздук кызыкчылыктардын негизинде Израиль өкмөтүнө дароо сатылышын керек кылган чукул абалдын" бар экендигине байланыштуу Конгресске кенен негиздерди сунгандыгы белгиленди.
9-декабрда Блинкен Израилге 106 миллион доллардан ашык суммага танктын ок-дарыларын сатууну Конгресстин бекитүүсүнө сунуш кылбастан бекиткен.