Израиль Аль-Аксада жума чектөөсүн улантып жатат

Израиль аскерлери Кудстун Эски шаар аймагынын кире беришине тосмолорду орнотуп, Месжид-и Аксага карылардын гана киришине уруксат берди.

2082231
Израиль Аль-Аксада жума чектөөсүн улантып жатат

Израиль Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитинде 12-жума намазын Аксанын айланасында окууну каалаган палестиналыктарга чектөө киргизди.

Палестиналыктардын Аксага кирүүсүн чектөө үчүн Израиль полициясы шаардын көптөгөн жерлерине жайгаштырылды.

Израиль аскерлери Кудстун Эски шаар аймагынын кире беришине тосмолорду орнотуп, Месжид-и Аксага карылардын гана киришине уруксат берди.

Израиль күчтөрү Месжид-и Аксанын сырткы дарбазаларына да көзөмөл пункттарын орнотту.

Көп сандаган полиция Эски шаар аймагынын жанындагы Вади ал-Жауз районуна жайгаштырылды жана сыйынуучулардын кыймылына бөгөт болду.

Чектөөлөрдөн улам Аксанын короосу менен мечитинин жарым-жартылай бош калгандыгы көңүлдөрдү бурду.

Израиль полициясы Месжид-и Аксага кире албай көчөдө намаз окугусу келгендерге ТОМАдан сасык суу чачып, көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Израиль 7-октябрда Газа тилкесине кол салгандан бери 12 апта бою он миңдеген адамдардын Аль-Акса мечитинде намаз окуусуна тоскоол болууда.



Тектеш кабарлар