Израиль тарабынан камакка алынган палестиналыктар

Израиль күчтөрүнүн Наблус, Тулкарим, Женин, Тубас, Калкилья, Рамалла жана Хеброн шаарларында эртең мененки сааттарда 25 палестиналыкты камакка алганы белгиленди.

2081831
Израиль тарабынан камакка алынган палестиналыктар

Оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста 7-октябрдан бери Израиль күчтөрү тарабынан камакка алынган палестиналыктардын саны 4 миң 820га жетти.

Палестиналык туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу Палестина туткун иштери боюнча комитетинен темага байланыштуу биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн Наблус, Тулкарим, Женин, Тубас, Калкилья, Рамалла жана Хеброн шаарларында эртең мененки сааттарда 25 палестиналыкты камакка алганы белгиленди.

Израиль Газага кол салууларын баштаган 7-октябрдан бери Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста камакка алынган палестиналыктардын санынын 4 миң 820га жеткени кабарланды.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн палестиналыктарды кармоо жана рейддеринде камактагыларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө катаал мамиле кылуу, уруп-сабоо, коркутуу, өлтүрүү максатында ок атуу, палестиналыктардын үйлөрүн талкалоо сыяктуу мыйзам бузууларды жасаганы баса белгиленди.

Израиль күчтөрүнүн Газага кол салуулары башталган 7-октябрдан бери Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста палестиналыктарга каршы камоолор, рейддер жана кол салуулар күчөдү.



Тектеш кабарлар