Энтони Блинкен Мексикада мамлекет башчысы Андерс Мануэль Лопез Обрадор менен жолугушту

Мексикада мамлекет башчысы Андерс Мануэль Лопез Обрадор социалдык медиа эсеби Хтен маалымат берди.

2081677
Энтони Блинкен Мексикада мамлекет башчысы Андерс Мануэль Лопез Обрадор менен жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен «миграция кризисин» сүйлөшүү үчүн Мексикада мамлекет башчысы Андерс Мануэль Лопез Обрадор менен жолугушту.

Борбор шаар Мехикодо Улуттук сарайда Лопез Обрадордун жетекчилигинде жыйын өткөргөн эки өлкөнүн жетекчилеринин акыркы айларда ылдам күчөгөн  миграция кризиси тууралуу сүйлөшкөндөрү билдирилди.

2 жарым сааттан ашкан сүйлөшүүдөн кийин расмий билдирүү берилген жок.  Лопез Обрадор социалдык медиа эсеби Хтен маалымат берди.

Лопез Обрадор Мексика жана АКШнын кызыкчылыгы үчүн келишимдерди түзгөндөрүн айтып : «Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуунун коопсуздук жана миграция темаларынын кенен түрдө каралышы үчүн бул сүйлөшүүнүн президент Байденге атайын билдирилишин каалайбыз»,- деди.

Блинкен Хтеги билдирүүсүндө президент Жо Байден өкмөтүнүн Мексика өкмөтү менен иштөө чечкиндүүлүгүн уланта тургандыгын белгилеп : «Бүгүн Мехикодо ачыкча айтканыбыздай аймакта буга окшогон мыйзамсыз миграцияны башкаруунун, негизги портторду кайрадан ачуунун жана мыйзамсыз фентанил жана синтетикалык баңги заттары менен күрөшүү боюнча Мексика менен кызматташууга даярбыз",-  деди.

АКШ менен Мексиканын ортосундагы өнөктөштүктүн Америка материгиндеги маанисине басым жасаган  Блинкен : «Мыйзамсыз миграцияны азайтууга карата бирдикте жүргүзгөн аракеттерибизди Лопез Обрадор менен сүйлшүү жакшы болду»,- деди.

Жыйындан кийин Мексика басма сөзүнө кыскача билдирүү жасаган тышкы иштер министри Алисиа Барсена да АКШ тарабынын жыйында атайын бир талабынын болбогондугун айтты.



Тектеш кабарлар