Тель-Авивдеги нааразылык акциясы, Израилдин жоготуулары...

Барымтагылардын жакындары Тель-Авивдеги Хашалом вокзалынын эшигин жаап, министрлер жана генералдар баш болгон кабинет мүчөлөрү менен жолугуп, талаптарын жеткирүүнү каалашты.

2081213
Тель-Авивдеги нааразылык акциясы, Израилдин жоготуулары...

Израилдик туткундардын жакындары Согуш кабинетинин жыйыны алдында өткөргөн демонстрацияда Газа тилкесиндеги кол салуулардын токтотулушун жана жакындарынын тирүү кайтарылышын талап кылышты.

Барымтагылардын жакындары Тель-Авивдеги Хашалом вокзалынын эшигин жаап, министрлер жана генералдар баш болгон кабинет мүчөлөрү менен жолугуп, талаптарын жеткирүүнү каалашты.

Өтүүгө уруксат берилбеген үй-бүлөлөр ашкере улутчулдукту жактаган улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин унаасын тосушту.

Израиль армиясы 15-декабрда Газада 3 израилдик туткунду «кокустан» өлтүргөнүн жарыялады.

Ушундан кийин Газадагы Палестинанын каршылык кыймылы Хамас менен туткун алмашуу келишими түзүлүп, Израиль өкмөтүнө туткундарды кайтаруу үчүн коомчулуктун чакырыктары күчөдү.

Бир тараптан Израиль армиясы Газа тилкесиндеги кагылышууда дагы бир офицер жана 3 аскердин курман болгонун жарыялады.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Газадагы жаңы жоготуулар тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы маалыматтарына караганда, Газа тилкесине кол салуулар башталган 7-октябрдан бери набыт болгон израилдик аскерлердин саны 498ге жетти, мунун 164ү кургактык басып алуу процессинде болду.



Тектеш кабарлар