Газа Батыштын мусулмандарга болгон көз карашын өзгөрттү

Австралиялык журналист жана активист Си Джей Верлеман Израилдин Газага кол салууларынын Батыштын Ислам жана мусулмандарды кабылдоосуна тийгизген таасирине баа берди.

2081030
Газа Батыштын мусулмандарга болгон көз карашын өзгөрттү

Израилдин 7-октябрдагы Газага кол салууларынан кийин Батыштын мусулмандарга карата кабылдоосу оң жакка өзгөрдү.

Австралиялык журналист жана активист Си Джей Верлеман Израилдин Газага кол салууларынын Батыштын Ислам жана мусулмандарды кабылдоосуна тийгизген таасирине баа берди.

Батыш медиасынын 20 жылдан бери мусулмандарды коопсуздук коркунучу катары сыпаттап жатканын белгилеген Верлеман : «Террор менен күрөштүн себебинен мусулмандар америкалыктарды жана европалыктарды өлтүргүсү келген күрөң терилүү, сакалчан кишилердин белгисиз бир массасы катары караланды. Газадагы окуялар Ислам жана мусулмандар жөнүндөгү жаңылыш түшүнүктөрдү терсине бурду»,-деп пикирин бөлүштү.

Газа калкынын ойго келбеген зулумдук, басым жана азапка карабастан баскынчылыкка каршы чыгууну улантып жатканын белгилеген Верлеман, Газаны караган адамдардын «кыйын шарттарда күчтүү бойдон калган, момун, намыстуу жана асыл элди» көргөндөрүн айтты.

Көптөгөн палестиналыктардын бомбаланган имараттардын урандыларынан чыгарылып, эч нерсеге карабастан Аллахка шүгүр кылууну уланткан сүрөттөрүнүн басма сөздө чагылдырылганын белгилеген Верлеман : «Бул сүрөттөр Ислам жана мусулмандар жөнүндөгү жалган сөздү тескери бурду, себеби адамдар жакырчылык жана коркуудан кутулуудан башка бир нерсени талап кылбаган асыл элди көрдү. Ошондуктан көптөгөн батыштыктар азыр Куранды алып, Исламды үйрөнүп жатышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар