Пентагон Иран Инди океанындагы танкерге кол салганын билдирди

Билдирүүдө кол салуунун Ирандан учурулган бир багыттуу чабуулчу дрону менен жасалганы, окуяда каза болгондордун болбогону, танкердеги өрттүн өчүрүлгөнү белгиленди.

2080425
Пентагон Иран Инди океанындагы танкерге кол салганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги (Пентагон) Инди океанында бараткан химиялык жүк ташыган танкерге Ирандан атылган чабуулчу дрон тийгенин билдирди.

Пентагондун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Либерия желеги илинген, Японияга таандык жана Голландия башкарган «Chem Pluto» аттуу химиялык танкер кемеси бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 (GMT 18:00) чамасында Инди океанында, жээктен 370 чакырым алыстыкта ​​урулган», деп айтылды.

Билдирүүдө кол салуунун Ирандан учурулган бир багыттуу чабуулчу дрону менен жасалганы, окуяда каза болгондордун болбогону, танкердеги өрттүн өчүрүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө кол салуу маалында жакын жерде АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык кеменин болбогону, Америка деңиз күчтөрүнүн борбордук командирлигинин (CENTCOM) Индиядагы көздөгөн жерине карай багытын уланып жаткан кеме менен байланышын улантканы белгиленип, «Бул Ирандын 2021-жылдан бери коммерциялык кемелерге жетинчи чабуулу»,делди.

Иран кол салуу тууралуу эч кандай билдирүү жасабаганы менен деңиз коопсуздук фирмасы Ambrey сөз болгон танкер Сауд Арабиядан Индияга барганы жана Израиль менен байланышы бар экенин Би-Би-Си менен бөлүштү.

Израилдин блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан бери уланып жаткан чабуулдарына жооп катары Йемендеги Иран колдогон хуситтер Кызыл деңиздеги израилдик кемелерди бутага алат деп коркутушкан.

Хуситтердин чара көргөндөн кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотууну чечти.

Инди океанындагы акыркы окуянын Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салуу процессинде биринчи жолу болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар