Зеленский : "Россияга таандык үч аскердик учакты атып түшүрдүк"

Юрий Игнат орус аскердик учактарынын атып түшүрүлүшү тууралуу жергиликтүү басма сөзгө маалымат берди.

2079997
Зеленский : "Россияга таандык үч аскердик учакты атып түшүрдүк"

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аба күчтөрүнө таандык 3 Су - 34  аскердик учагынын украин армиясы тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Зеленский социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиянын 3 Су-34 аскердик учагынын Херсон аймагында Украинанын коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн айтты.

Сөз болуп жаткан учактарды атып түшүргөн Украинанын аба күчтөрүнө ыраазы экенин баса белгилеген Зеленский, өлкөсүнө жасалган эч бир кол салуунун “жоопсуз” калбай тургандыгын белгиледи.

Украинанын Аскердик Аба күчтөрү командирлигинин басма сөз катчысы Юрий Игнат орус аскердик учактарынын атып түшүрүлүшү тууралуу жергиликтүү басма сөзгө маалымат берди.

 

Игнат башкарылган бомба жүктөлгөн орус аскердик учактарынын украин аскерлерине кол салуу үчүн түштүк багытында  абдан жакын учканын белгилеп : "Баскынчылардын мындай ийгиликсиздик менен натыйжаланган  тобокелдиктеринин  дагы көп болоруна ишенебиз",- деди. 

Игнат орус армиясына таандык 3 аскердик учактын бир убакта атылышын "маанилүү окуя" деп  мүнөздөдү.

 



Тектеш кабарлар