2023 - жылы каза болгон 10 негизги ысым

Америкалык дипломат Генри Киссинджерден легендарлуу ирландиялык ырчы Синеад О'Коннорго жана орус  жалданма аскердик тобу Вагнердин лидери Евгений Пригожинге чейин 2023-жылы каза болгон көрүнүктүү адамдар.

2079849
2023 -  жылы каза болгон  10 негизги ысым

Америкалык дипломат Генри Киссинджерден легендарлуу ирландиялык ырчы Синеад О'Коннорго жана орус  жалданма аскердик тобу Вагнердин лидери Евгений Пригожинге чейин 2023-жылы каза болгон көрүнүктүү адамдар. 

Сильвио Берлускони

Италиянын мурдагы премьер - министрлеринин бири Берлускони 1994-2011-жылдар аралыгында жалпысынан эң узак мөөнөт премьер-министрлик кызматты аркалаган саясатчы болду. 12 - июнда 86 жашында каза болгон Берлускони саясий карьерасында көптөгөн чуулгандуу иштерге аралашкан.

Первез Мүшерреф

1999 - жылы премьер - министр Наваз Шарифке каршы интервенция менен бийликке келген Мушерреф байистүү саясат жүргүзүүнү максат кылган. Ал 2011 - 2008  - жылдары Пакистандын 10 - премьер - министри болуп иштеген.

Тина Тернер

24 - майда 83 жашында каза болгон америкалык ырчы өлкөнүн айыл чарба аймактарынын биринде чоңойгон. Рок-н-ролл музыкасынын ханышасы деп эсептелген Тернер 12 жолу Грэмми сыйлыгын алган. Ал карьерасы боюнча 100 миллиондон ашык альбом саткан.

Синад О'Коннор

26 - июлда 56 жашында көз жумган ирландиялык ырчы  саясий активдүүлүгү менен эсте калды.  2018 - жылы мусулман болгонун жарыялап, Шухада Садакат деген ысымды алган.

 

Милан Кундера

11-июлда 94 жаш курагында каза болгон атактуу чех-француз жазуучусу 1984-жылы жарык көргөн “Жашоонун чыдагыс жеңилдиги” романы менен белгилүү.

 

Евгений Пригожин

23 - августта Россиянын Тверь облусунда авиакырсыктан каза болгон Пригожин орус «Вагнер» жалданма тобунун лидери болгон. Росиянын президенти Владимир Путиндин “ашпозчусу” катары белгилүү болгон.

Мохамед Аль Файед

30 - августта 94 жашында каза болгон египеттик бизнесмен Лондондогу атактуу Харродс соода борборунун жана Фулхэм футбол клубунун ээси болгон.

Бобби Чарлтон

 

Британиянын  курама командасынын жана Манчестер клубунун легендарлуу футболчусу Чарльтон футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири катары белгилүү болгон. 21-октябрда 86 жашында каза болду.

Мэтью Перри

 

28 - октябрда үйүндө жансыз денеси табылган америкалык актёр  дүйнөлүк масштабда  билинген “Friends”  аттуу сериалда 10 сезон  Чандлердин образы менен чоң атактуулукка жеткен.

Генри Киссинджер

29 - ноябрда 100 жашында каза болгон америкалык дипломат Нобель Тынчтык сыйлыгынын талаштуу лауреаты болгон. 1969-1977-жылдары Ричард Никсон менен Жералд Форддун өкмөттөрүндө мамлекеттик катчы болуп иштеген.

Бул ысымдардан тышкары Израилдин кол салууларында 7-декабрда каза болгон палестиналык акын Рефаат Аларир да быйыл дүйнөдөн өткөн маанилүү ысымдардын арасында.

Газадагы Ислам университетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнүн профессору Aларир «Биз жөн эле сандар эмеспиз» долбоору менен Израиль тарабынан өлтүрүлгөн адамдардын окуяларын баяндаган. 

 



Тектеш кабарлар