Газа боюнча мыйзам долбоору БУУнун Коопсуздук Кеңешинде үчүнчү жолу жылдырылды

Кеңеште Газа мыйзам долбооруна добуш берүү үчүнчү жолу жылдырылды. Пикир келишпестик «ок атышпоо» деген сөз жана жардамды ким көзөмөлдөй турганы боюнча.

2079116
Газа боюнча мыйзам долбоору БУУнун Коопсуздук Кеңешинде үчүнчү жолу жылдырылды

Израиль Газада карапайым калкты атып жатканда, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши мыйзам долбоорунда колдонула турган шарттар боюнча бир пикирге келе албай жатат.

Кеңеште Газа мыйзам долбооруна добуш берүү үчүнчү жолу жылдырылды. Пикир келишпестик «ок атышпоо» деген сөз жана жардамды ким көзөмөлдөй турганы боюнча.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) добуш берүүнү кийинкиге калтырууну суранды.

АКШ «ок атууну токтотуу» же «жаңжалдарды токтотуу» деген сөздөрдү камтыган мыйзам долбооруна вето коё турганын ишара кылууда.

«Чыр-чатакка тыныгуу берүү» деген сөз айкашын камтыган дагы бир долбоор тексти туруктуу чечимди камтыбайт деген жүйө менен кабыл алынбайт.

АКШ, Кеңештин мүчөлөрү жана Египет Газага жеткириле турган гуманитардык жардамды ким көзөмөлдөй турганы боюнча бир пикирге келе алышпай жатат.

Учурда жардам Газага Рефах чек ара дарбазасы аркылуу кирүүдө.

Бириккен Араб Эмирликтери даярдаган мыйзам долбоорунда Газага жардамдын кургактык менен гана эмес, деңиз жана аба аркылуу да жеткирилери белгиленген.

Мыйзам долбоору жардамды Израиль эмес, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан текшерүүгө чакырат. БУУнун текшерүүсүнө каршы чыккан Израиль бул маселеде АКШга кысым көрсөтүүдө.

«New York Times» гезити АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун бир жооптуусунун : «Биз көзөмөлдү Израилден БУУга өткөргөн мыйзам долбоорун кабыл алсак да Израилдин кызматташтыгы болмоюнча бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу кыйын»,-деп айтканын билдирген.

Бул Израилдин чечимдери милдеттүү болгон Кеңешти да тааныбай турганын анын эң жакын колдоочусу кабыл алганын билдирет.



Тектеш кабарлар