Абдуллахиян менен Хания Дохада жолугушту

Иран министри, Газага карай эмбаргонун алып салынышы жана гуманитардык жардамдардын жеткирилиши темасында саясий аракеттердин уланып жатканын айтты.

2078969
Абдуллахиян менен Хания Дохада жолугушту

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян Израилдин Газадагы согуш кылмыштары үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жооптуу экенин билдирди.

Катарга күтүүсүздөн барган Абдуллахиян борбор шаар Дохада Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания менен жолугушту.

Абдуллахиян: «Палестиналыктарга геноцид кылып жаткан Израилге чексиз колдоо көрсөткөн Вашингтон, эл аралык жана юридикалык жактан жооптуу. АКШ согуш чечүүчү жол эмес деген жыйынтыкка келиши керек»,-деди.

Иран министри, Газага карай эмбаргонун алынып салынышы жана гуманитардык жардамдардын жеткирилиши темасында саясий аракеттердин уланып жатканын айтты.

Хания болсо Израилдин Газага кол салууларынан бери 75 күн өтсө да каршылык көрсөтүүнүн күчтүү экенин билдирди.

Хамас лидери, Израилдин Газанын түндүгүн көзөмөлгө алганын айтканы менен каршылык күчтөрү Газа тилкесинин бардык жерлеринде, анын ичинде түндүктө да каршылык көрсөтүүнү улантып жатканын кабарлады. 



Тектеш кабарлар