Евробиримдиктен Орусияга жаңы санкциялар

Евробиримдиктин Кеңеши, мүчө өлкөлөрдүн ортосунда сүйлөшүлгөн Орусияга карата 12-санкция пакетинин бекитилгенин жарыялады.

2078151
Евробиримдиктен Орусияга жаңы санкциялар

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү Орусияга каршы алмаз соодасына тыюу салууну да камтыган 12-санкция пакетин кабыл алышты.

Евробиримдиктин Кеңеши, мүчө өлкөлөрдүн ортосунда сүйлөшүлгөн Орусияга карата 12-санкция пакетинин бекитилгенин жарыялады.

Жаңы пакетке ылайык, Евробиримдик Орусиядан алмазды түз же кыйыр ташып келүүгө, сатып алууга же берүүгө тыюу салат.

Бул тыюу Орусиядан чыккан алмаздарга, Орусиядан экспорттолгон алмаздарга, Орусия аркылуу өтүүчү алмаздарга жана үчүнчү өлкөлөрдө иштетилген орус алмаздарына карата колдонулат.

Өндүрүштүк эмес табигый жана синтетикалык алмаздар менен алмаздан жасалган зер буюмдарына тыюу салуу 1-январдан тарта күчүнө кирет.

Орус алмаздарын камтыган зер буюмдар менен бирге үчүнчү өлкөлөрдө иштетилген орус алмаздарын кыйыр түрдө импорттоого тыюу салуу 2024-жылдын 1-мартынан тартып этап этабы менен киргизилет жана 2024-жылдын 1-сентябрына чейин уланат.

Ал арада мунайдын баасынын чегин ишке ашырууну колдоо жана анын айланып өтүлүшүнө жол бербөө үчүн катаал эрежелер да киргизилет.

ЕБ Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен X платформасындагы билдирүүсүндө, 12-санкция пакети боюнча келишимди кубаттай турганын айтты.

Украинага колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын баса белгилеген фон дер Ляйен, санкциялардын ишке ашырылышы үчүн катуу чараларды көргөндөрүн, алмаз менен бирге көптөгөн продукцияга санкция киргизе тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар