Украин армиясы: "Орусиянын 41 учкучсуз аппаратын атып түшүрдүк"

Украинанын өзгөчө абалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирүү жасады.

2076478
Украин армиясы: "Орусиянын 41 учкучсуз аппаратын атып түшүрдүк"

Украин армиясы, бүгүн түнү көпчүлүгү Одесса облусунда болгон Орусияга таандык «Шахед» тибиндеги 41 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрдү.

Украинанын өзгөчө абалдар боюнча мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө, Орусиянын Одесса аймагына кол салууларынын натыйжасында 3ү бала 11 кишинин жараланганы, бир унаа менен имараттан өрт чыгып тегеректеги имараттардын зыян тартканы айтылды.

Украина Аба күчтөрү командирлигинен берилген маалыматта, орус армиясынын түн ичинде «Шахед» учкучсуз аппараты жана С-300 зениттик ракеталары менен Украина аймагына чабуул жасаганы белгиленди.

Билдирүүдө Миколаев жана Херсон аймактарына карай Орусиянын 6 башкарылуучу ракета атканы, Украинанын аба мейкиндигинде жалпы 42 орус учкучсуз аппараттын аныкталганы жана кол салуулардын негизги багытынын Одесса аймагы болгону кабарланды.

Орус армиясы Украинага чабуулун 2022-жылдын февраль айында баштаган.



Тектеш кабарлар