Европа Биримдигинин 4 өлкөсүнөн Мишелге кат жөнөтүлдү
Бул тууралуу Испаниянын премьер-министрлигинен маалымат берилди.
Испания, Бельгия, Ирландия жана Мальтанын премьер-министрлери Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелге кат жөнөтүшүп, Израилдин бомбалоосуна кабылган Газадагы абалга ЕБ Кеңешинин саммиттинде так позицияны талап кылышты.
Испаниянын премьер-министрлигинен алынган маалыматка караганда, премьер-министр Педро Санчес, Бельгиянын премьер-министри Александр де Кро, Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар жана Мальтанын премьер-министри Роберт Абела ЕБ кеңешинин төрагасы Мишельге биргелешкен кат жөнөтүштү.
Катта 14-15-декабрда Брюсселде өткөрүлө турган Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин саммитинин күн тартибине Газадагы абал жана эки мамлекеттүү чечим темасында так позиция түзүлүшү талкуусунун киргизилиши талап кылынды.
Хамастын 7-октябрдагы террордук чабуулдарын айыптап, Израилдин эл аралык мыйзамдарга ылайык өзүн коргой ала турганын кайталаган төрт премьер-министр, Евробиримдиктин туруктуу ок атышпоо, Газадагы жарандардын корголушу жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилиши үчүн биргелешкен чечим кабыл алышы керектигин жакташты.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.
Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.
Күчөп кеткен кагылышууда көбү балдар болгон 17 миңден ашуун палестиналык каза болду.