Кирбинин сөздөрү социалдык тармактарда реакцияга кабылды

Кирби Ак үйдөгү пресс-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2074393
Кирбинин сөздөрү социалдык тармактарда реакцияга кабылды

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирбинин «АКШ Газа элинин азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн эң көп аракет кылган өлкө» деген баа берүүсү социалдык тармактарда чоң реакция жаратты.

Ак үйдөгү пресс-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берген Кирби, АКШнын Газа калкына азык-түлүк, суу, дары-дармек жана күйүүчү май жеткирүү аракеттерине жетекчилик кылганын айтты.

Кирби: «Мага Газа элинин азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн Америка Кошмо Штаттары сыяктуу көп күч-аракетин жумшап жаткан башка өлкөнү айтыңыз. Айта албайсыз. Туткундарды куткаруу же чет элдик жарандарды Газадан чыгаруу үчүн Америка Кошмо Штаттарынан да көбүрөөк аракет кылган башка өлкөнү атаңыз. Атай албайсыз, башка өлкөнүн атын айта албайсыз» -деди.

Америка Кошмо Штаттарынын израилдик сүйлөшүүчүлөрдү аскердик операцияларды жүргүзүүдө мүмкүн болушунча этият жана аң-сезимдүү болууга үндөш үчүн колунан келгендин баарын жасап жатканын жүйө келтирген Кирби: «Америка Кошмо Штаттары мунун башында турат», деп билдирди.

Кирбинин сөздөрү көптөгөн социалдык медиа колдонуучуларынын реакциясын жаратты.



Тектеш кабарлар