БУУ: "Гутерриш кызматын аягына чейин улантат"

Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-конференцияда маалымат берди.

2074122
БУУ: "Гутерриш кызматын аягына чейин улантат"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик баш катчы Антониу Гутерриштин "кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин ишин" уланта турганын айтты.

Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-конференцияда, Гутерриштин Газадагы кырдаалга байланыштуу БУУнун Уставынын 99-беренесине кайрылгандан кийин Иордания, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар, Египет, АКШ, Сауд Арабия жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэндин Антонио Гутерриштин кызмат мөөнөтүн "дүйнө тынчтыгы үчүн коркунуч" деп мүнөздөгөнү суралганы боюнча Дюжаррик: «Макул эмеспиз десем таң каласыңбы?»,- деп айтты.

Гутерриштин Израилдин президенти Исхак Герцог менен тез-тез сүйлөшүп турганын, бир тараптан БУУ менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн күн сайын профессионалдуу түрдө уланып жатканын белгилеген Дюжаррик, сүйлөшүүлөрдө ар дайым макулдашуу түзүлбөгөнүнө көңүл бурду.

Дюжаррик Израилдин БУУдагы туруктуу өкүлүнүн Антонио Гутерриштин отставкага кетүү талабын кайталаганы тууралуу болсо: «Башкы катчы эртең жана мөөнөтүнүн аягына чейин ишин улантат», - деди.



Тектеш кабарлар