Азербайжан менен Армения келишимге кол коюу ниеттерин билдиришти

Азербайжан менен Армения тынчтыкка жетишүү үчүн мүмкүнчүлүктүн жаралышы тууралуу бирдей пикирде экендерин жарыялап келишимге кол коюу ниеттерин билдиришти.

2074180
Азербайжан  менен   Армения келишимге кол коюу ниеттерин билдиришти

Азербайжан менен Армения тынчтыкка жетишүү үчүн мүмкүнчүлүктүн жаралышы тууралуу бирдей пикирде экендерин жарыялап келишимге кол коюу ниеттерин билдиришти.

Азербайжандын президенттиги жана Армениянын премьер  - министрлигинен  берилген биргелешкен билдирүүдө өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн акырында эки мамлекеттин арасында ишенимдин бекемделишине карата маанилүү кадамдардын ташталышы тууралуу келишимдин түзүлгөндүгү белгиленди.

Билдирүүдө : "Азербайжан менен Армения аймакта көптөн күткөн тынчтыкка жетүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк бар деген пикирде. Эки мамлекет тең өз ара мамилелерди жөнгө салуу жана эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүк принциптерин урматтоонун негизинде тынчтык келишимине кол коюу ниетин ырасташты", - деп айтылды.

Азербайжандын жакшы ниет көрсөткүчү катары  32 армян аскерин, Армениянын да  2 Азербайжан аскерин бошотуу чечимин чыгаргандыгы белгиленген билдирүүдө өзгөчө Армениянын Азербайжандын БУУнун Климаттык алмашуу алкактык келишиминин Тараптар конференциясынын  29 -  жыйынын өткөрүү үчүн ишке ашырган кайрылуусун колдогондугу жана өзүнүн талапкерлигин алгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Баку менен Еревандын Чыгыш Европа тобуна кирген башка өлкөлөрдүн да Азербайжандын конференцияны өткөрүү өтүнүчүн колдой турганына байланыштуу үмүтү баса белгиленди.

Билдирүүдө Азербайжандын жакшы ниеттинин белгиси катары Армениянын Чыгыш Европа тобунун «COP» бюросунун мүчөлүгүнө талапкерлигин колдой тургандыгы билдирилип : "Азербайжан менен Армения жакынкы келечекте ишенимди бекемдөө боюнча мындан аркы иш-аракеттерди талкуулоону улантат жана эл аралык коомчулукту бул аракеттерди колдоого чакырат. Бул эки мамлекеттин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө жардам берет жана бүтүндөй Түштүк Кавказ аймагына оң таасирин тийгизет",- деп айтылды.  



Тектеш кабарлар