Орусиядагы президенттик шайлоонун датасы
Президенттик шайлоонун датасын аныктоо үчүн Федерация Кеңеши чогулду.
2073736
Орусия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңеши, президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартында өткөрүү чечимин кабыл алды.
Президенттик шайлоонун датасын аныктоо үчүн Федерация Кеңеши чогулду.
Жыйындын жыйынтыгында кеңештин мүчөсү сенаторлор бир добуштан шайлоону 2024-жылдын 17-мартында өткөрүүнү чечишти.
Орусия Федерациясынын Конституциясына ылайык, президенттик шайлоонун датасын аныктоо парламенттин жогорку палатасы – Федерация Кеңешинин карамагында.
Өлкөдө буга чейинки президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтүп, Владимир Путин 76,69 пайыз добуш менен кайра шайланган.