Израилдин тышкы иштер министри : "Гутерреш мезгили дүйнөнүн тынчтыгы үчүн коркунуч"

Израилдин тышкы иштер министри дүйнөлүк тынчтыкты каалаган баарынын "Газаны Хамастан куткарууну колдоосу" керектигин жактады.

2073910
Израилдин тышкы иштер министри : "Гутерреш  мезгили  дүйнөнүн тынчтыгы үчүн коркунуч"

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутеррештин кызмат мөөнөтүнүн «дүйнө тынчтыгына коркунуч» экенин айтып  «Газада ок атышпоо» чакырыгынын Хамаска колдоо көрсөтүү экенин айтты.

Эли Коэн Х социалдык едиа аркылу берген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Гутеррештин мезгили дүйнө тынчтыгы үчүн коркунуч. Газа тилкесинде  99 -  беренени турмушка ашыруу сунушу, террордук уюм Хамаска колдоо көрсөтүүнү камтууда",- деди. 

Израилдин тышкы иштер министри дүйнөлүк тынчтыкты каалаган баарынын "Газаны Хамастан куткарууну колдоосу" керектигин жактады. 

БУУнун баш катчысы Гутерреш өзгөчө ыйгарым укуктарын Газада гуманитардык кырсыктын алдын алуу жана дүйнө тынчтыгын сактоо үчүн биринчи жолу колдонуп, БУУнун Коопсуздук Кеңешине ок атышпоо чакырыгын камтыган 99-беренени эске салган кат жөнөткөн.

 

Гутерреш катында «Израиль менен Хамастын ортосунда 8 аптадан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан кастык адамдардын коркунучтуу кыйынчылыгына себеп болгонун» белгилеп : «Мен Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн гуманитардык катастрофага жол бербөө үчүн кысым көрсөтүүгө чакырам жана гуманитардык ок ​​атышууну токтотуу талабымды кайталайм. Бул абдан шашылыш жасалышы керек",- деди.

 

 



Тектеш кабарлар