Украина : Россияга таандык 41 учкучсуз учуучу аппаратты жардырдык

Украинанын Россияга таандык «Шахед» моделиндеги  41 учкучсуз учуучу аппаратын жардыргандыгы, бир Су  - 24М учагын да атып түшүргөндүгү билдирилди.

2073203
Украина : Россияга таандык 41 учкучсуз учуучу аппаратты  жардырдык

Украинанын Россияга таандык «Шахед» моделиндеги  41 учкучсуз учуучу аппаратын жардыргандыгы, бир Су  - 24М учагын да атып түшүргөндүгү билдирилди.

Украинанын аба күчтөрү командирлигинен берилген маалыматта кечээ кечинде орус армиясынын Украина жерлерине Крымдан жана Россиянын Курск аймагынан учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салгандыгы белгиленди.

Россиянын  кол салууда  48 учкучсуз учуучу аппарат колдонгондугу белгиленген маалыматта Украинанын  абадан коргонуусунун согуштук аракеттеринин натыйжасында  41 учкучсуз учуучу аппаратынын жардырылгандыгы маалымдалды.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрүнүн командири Николай Олешчук соцтармактан берген билдирүүсүндө кечээ Кара деңиздеги Жылан аралына жакын  жерде  Су  - 30 СМ учагынын коргоосу астында Одесса аймагынын түштүгүнө ракета жана бомба менен кол салууга аракет кылган бир орус Су  - 24 М учагынын атып түшүрүлгөндүгүн айтты.

Украинанын президенти Владмир Зеленский да социалдык медиадан берген билдирүүсүндө орус учагынын атып түшүлүшүнөн улам абадан коргоо күчтөрүнө ыраазычылык билдирип : «Учак Одесса аймагын бомбалоо үчүн кирип жаткан. Өзгөчө Одесса аймагында абадан коргонуубузду акырындык менен  бекемдеп жатабыз. Бул ишти ийгиликтүү аткаруу үчүн жардам берген ар бир өлкөгө ыраазычылык билдирем»,- деди.

 



Тектеш кабарлар