Европа Биримдиги Европада жогорку террордук кол салуу коркунучуна каршы эскертти

Йлва Йоханссон Европада алдыдагы кышкы эс алуу мезгилинде террордук кол салуу коркунучунун жогору экендигин айтты.

2073356
Европа Биримдиги  Европада жогорку террордук кол салуу коркунучуна каршы эскертти

Европа Биримдиги Комиссиясынын  ички иштер боюнча комиссиясынын мүчөсү Йлва Йоханссон Европада алдыдагы кышкы эс алуу мезгилинде террордук кол салуу коркунучунун жогору экендигин айтты.

Йлва Йоханссон Европа Биримдиги өлклөрүнүн ички иштер министрлеринин бул жылкы акыркы кезектеги жыйынынан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

13 -  октябрда Франциянын Аррас шаарында, 16 -  октябрда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде, акыркы болуп  3 -  декабрда Франциянын борбор шаары Парижде  болгон кол салууларды эске салган Йоханссон Европа Биримдигинин ички иштер министрлеринин акыркы эки жыйынынын  көңүл айтуулар менен башталгандыгын баса белгилеп, абалдын олуттуулугуна көңүлдөрдү бурду. 

Йоханссон Жакынкы Чыгыштагы абалдардын чагылышы катары Европада Рождество жана жаңы жылдан улам жакындап келе жаткан эс алуу мезгилинин террордук кол салуулар үчүн чоң коркунучту туудургандыгын белгиледи. 

"Терроризм коркунучу чындык.  Мени эң көп тынчсыздандырган нерсе исламофоби жана антисемитизмдин жогорулашы жана уюлдашуу",- деген Йоханссон Европа Биримдигинин мүчө өлкөлөр муктаж боло турган болсо ибадат жерлери башта болгон коомдук жайлардын коргоого алынышы үчүн колдонуу максатында ички коопсуздук фондунан 30 миллион евро бөлгөндүгүн айтты. 

Иоханссон жарандарына коопсуздук эскертүүсүн берүү ыйгарымынын мүчө мамлекеттерге таандык экенин баса белгилеп, көптөгөн өлкөнүн террорго карата эскертүү деңгээлин эмитеден жогорулатканын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар