Танзанияда сел жана жер көчкү: 47 адам каза болду

Маньяра аймагында катуу жааган жамгырдын натыйжасында жер көчкү жүрдү.

2072249
Танзанияда сел жана жер көчкү: 47 адам каза болду

Танзанияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн сел жана жер көчкүдөн 47 киши каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, өлкөнүн түндүгүндөгү Маньяра аймагында катуу жааган жамгырдын натыйжасында жер көчкү жүрдү.

Манара аймактык комиссары Сендига сел жана жер көчкүдөн 47 кишинин каза болгонун, 85 кишинин жаракат алганын кабарлады.

Сендига, аймакта издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын айтты.

Катеш жана Хананг айылдарындагы жер көчкүдөн 100гө жакын үй кыйрап же жарактан чыкты.



Тектеш кабарлар