Кениядагы жана Сомалидеги суу ташкындары

Жаан-чачындын өлкөнүн түштүк аймактарында уланып, түндүк аймактарында басаңдашы күтүлүп жатканы баса белгиленди.

2071809
Кениядагы жана Сомалидеги суу ташкындары

Кенияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам селден каза болгондордун саны 142ге жетти.

Кения өкмөтү тарабынан жасалган билдирүүдө 37 аймактын селден жапа чеккени, 460 миңден ашуун кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгону белгиленди.

Узундугу болжол менен миң чакырымды түзгөн Тана дарыясынын нугунан ашып, 6 миң 500 гектар айыл чарба жеринин суу алдында калганы айтылды.

Жаан-чачындын өлкөнүн түштүк аймактарында уланып, түндүк аймактарында басаңдашы күтүлүп жатканы баса белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) билдирүүсүндө, коңшу Сомалиде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун санынын 100гө жеткени, болжол менен 750 миң кишинин үйсүз калганы белгиленди.

Селден эң көп Түштүк Батыш, Галмудуг, Пунтланд, Хиршабелле, Жубаланд жана Бенадир аймактарынын жабыркаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар