Зеленский : Россия - Украина согушу жаңы этапка кирет

Associated Pressке маалымат берген Зеленский Россия менен согуш тууралуу билдирди.

2071742
Зеленский : Россия  -  Украина согушу жаңы этапка кирет

Украинанын президенти Владимир Зеленский кыш мезгилинде Украина  -  Россия согушунда жарандарга жана дан экспортуна таасирин тийгизе турган бир этапка өтүлөрүн белгиледи.

Associated Pressке маалымат берген Зеленский Россия менен согуш тууралуу билдирди.

Россия менен болгон согуштун кыш айларында "жаңы бир мезгилге" өтөрүн баса белгилеген Зеленский бул абалдын бир гана фронтту эле эмес, ошол эле учурда  жарандарга жана ал түгүл дан экспортуна да таасирин тийгизерин айтты.

Зеленский жаз айларынан бери Россиянын армиясына каршы жүргүзүлгөн кол салуунун күтүлгөндөй жыйынтыкты бербегендигин, мунун негизги себебинин да "Украинанын союздаштарынан каалаган куралдарды ала албашы" экендигин баса белгиледи.

Россиянын абадан кол салууларынын кайрадан баштала тургандыгын болжолдогон Зеленский коргонууну улантуу жана жарандар жашаган аймактарды да коргоо кышкы операцияны өзгөчө кыйындата тургандыгын айтты.

Тышка көз каранды болуунун ордуна Украинанын жергиликтүү курал өндүрүшүн арттырууну каалагандыгын да баса белгилеген Зеленский батыштык союздаштардын Украинага өз куралдарын өндүрүү жана оңдоо лицензиясын берерин ойлогондугун айтты.

 



Тектеш кабарлар