Германияда калың жааган кар күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди

Калың жааган кардан улам Мюнхен аэропортунда 320 каттам токтотулду.

2071739
Германияда калың жааган кар күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди

Германиянын түштүк аймагында  жааган калың кар күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизди.

Калың жааган кардан улам Мюнхен аэропортунда 320 каттам токтотулду.

Аэропорттун кызматкерлери жүргүнчүлөргө аэропортко барардан мурун каттамдарынын абалын текшерүүнү сунушташты.

Калың жааган кар темир жол кыймылына да таасирин тийгизди.

Кулаган бак-дарактар жана кар рельстерди  жаап калгандыктан  кээ бир каттамдар аткарыла албады.  

Ульм менен Мюнхенде кээ бир жүргүнчүлөр поездде түнөөгө мажбур болду.

Бавариянын бардык жолдорунда көптөгөн жол кырсыгы катталды.

Германиянын метеорология мекемесинин билдирүүсүндө аймакта кардын калыңдыгынын 40 сантиметрге жетишинин күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар