Сомалиде Иран кемеси барымтага алынды

Сомалинин Путланд аймагынын жээгинде 25-ноябрда да Иран кемеси барымтага алынган.

2071340
Сомалиде Иран кемеси барымтага алынды

Сомалинин жээгинде акыркы бир аптада экинчи ирандык кеме каракчылар тарабынан барымтага алынды.

Сомалинин Кандала аймагынын башчысы Ахмед Юсуф Хурше, Путланд провинциясынын жээгинде Иран желеги илинген кеменин каракчылар тарабынан уурдалып кеткенин билдирди.

Хурше, кеменин экипажынын баары чет элдик жарандар экенин айтты.

Сомалинин Путланд аймагынын жээгинде 25-ноябрда да сомалилик жана ирандыктардан турган 16 кишилик экипажы бар Иран кемеси барымтага алынган.

Каракчылар экипажды бошотуу үчүн 400 миң долларлык кун талап кылышкан.



Тектеш кабарлар