Израилдик министр Газа тилкесин басып алууга чакырды
Бен-Гвир X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Израилден Газага кол салууларын үзгүлтүксүз улантуусун талап кылды.
2071568
Израилдин ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Газа тилкесин басып алууга чакырды.
Бен-Гвир X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Израилден Газага кол салууларын үзгүлтүксүз улантуусун талап кылды.
Газаны басып алууга чакырган Бен-Гвир: «Бардык күчүбүз менен Газаны талкалашыбыз, Хамасты жок кылышыбыз жана Газа тилкесине кайтуубуз керек»,-деди.
Бен-Гвир Израиль менен Хамас ортосунда жетишилген жана 24-ноябрда күчүнө кирип бүгүн эртең менен аяктаган убактылуу ок атышпоого реакция кылган болчу.
Израилдик министр ошондой эле эгер Газага чабуулдар кайра башталбаса, Беньямин Нетаньяху жетектеген коалициялык өкмөттү таркатаарын да эскерткен.